2020-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын ТИМинин Консулдук кызмат департаментинин директору С.Погорельцев менен жолукту.

4988

2020-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын ТИМинин Консулдук кызмат департаментинин директору С.Погорельцев менен жолукту.

Тараптар консулдук багыттагы бир нече кыргыз-украин мамилелеринин суроолорун талкуулашты, так айтканда, эки тараптуу консулдук кеңешмелерди өткөрүү, Кыргыз Республикасын миграциялык тобокел тизмесинен чыгаруу, Кыргыз Республикасынын жарандарына Украинага кирүү үчүн визаларды тариздөө иш-тартибин жеңилдетүү, эки тараптуу укуктук келишим базасын кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын Украинанын аймагында ардактуу консулдуктарын ачуу, Украинанын жарандарынын кыргыз жарандыгын алуу жана эки тараптуу жарандык жөнүндө келишимдин негиздерин аткаруу тууралуу сүйлөшүштү.

Жолугушуунун аягында Тараптар консулдук багытта бар болгон эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыктар экендигин эки тарап тең билдирди.

  • 2020-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын ТИМинин Консулдук кызмат департаментинин директору С.Погорельцев менен жолукту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK