2021-жылдын 25-октябрында Украинанын Президентинин Офисинин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Украинада катталган диаспоралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуп, мында ары кызматташууну улантуу, ошондой эле, Украинада жашап жаткан чет өлкөлүк жарандардын көйгөйлөрүн чечүү маселелерин талкуулашты.
2021-жылдын 25-октябрында Украинанын Президентинин Офисинин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Украинада катталган диаспоралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуп, мындан ары кызматташууну улантуу, ошондой эле, Украинада жашап жаткан чет өлкөлүк жарандардын көйгөйлөрүн чечүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Тараптын атынан иш-чарага Кыргызстандыктар союзунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү Азамат Исмаилов катышып, Кыргыз Республикасын миграциялык тобокели бар өлкөлөрдүн тизмесинен чыгаруу жана Украинага иштөө максатында келген Кыргыз Республикасынын жарандарына карата виза саясатын либералдаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Украинанын Президентинин Офисинин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү көтөрүлгөн бардык маселелерди кароо зарыл экендигин ишендирип, мындай жолугушууну үзгүлтүксүз өткөрүү сунушун билдиришти.