МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

5104

Украинанын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 12-июнундагы
№ 477 Токтомуна ылайык, 2020-жылдын 14-мартындагы № 287 Украинанын Министрлер Кабинетинин убактылуу түрдө чет өлкөлүк жана жарандыгы жок инсандардын Украинанын аймагына кирүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө токтому жокко чыгарылды.

Демек, Украинанын Тышкы иштер министрлигинен кирүүгө уруксат алуу тартиби жокко чыгарылды.

Карантиндин убагында чет өлкөлүк жарандар Украинанын аймагына кирем дешсе, анда алар сөзсүз түрдө медициналык полис (күбөлүк, сертификат) алууга тийиш, ал, эгерде жаран таажы вирусуна чалдыкса, жана обсервацияга кетирилген чыгымдарды камтуу үчүн алынат. Эгерде, Украинада туруктуу жашоого уруксат кагазыңыз болсо, анда полисти алуунун кажети жок.

Милдеттүү түрдө обсервацияга кирүү шарты таажы вирусу көп санда катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга гана колдонулат.

Ошондой эле, эгерде жарана “Үйдө бол” электрондук тиркемени жүктөп алып, карантинге болууга макул болгон жарандарга карата дагы милдетүү обсервация колдонулбайт.

Таажы вирусу көп санда катталган өлкөлөргө, эгерде 100 миң кишиге 40тан ашун киши оорулуу болсо, анда ал өлкө ушул топко кирет. Өлкөлөр туурауу маалымат Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинде туруктуу түрдө жаңыланып турат.

Шилтемеси аркылуу таанышуу га болот (https://moz.gov.ua/koronavirus-2019-ncov?fbclid=IwAR0amKITCsSnEx2qv2NQmVdduEBx_gZ_WtkouA_JWPyafHoT1xx-pvnhuLk).

Иштеп жаткан чек ара өткөрмө пункттарынын тизмеси менен таанышуу үчүн https://dpsu.gov.ua/ шилтемеден өтүңүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK