Өлкө туралуу маалымат

Украина – парламенттик-президенттик башкаруудагы Чыгыш Европадагы унитардык өлкө. Борбору – Киев шаары, мамлекеттик тили – украин тили.

2019-жылдын 21-июнунан тарта Украинанын Президенти Владимир Зеленский. Конституцияга ылайык, Президент шайлоо аркылуу 5 жылга шайланып, бир эле киши удаа экиден көп жолку мөөнөттө президент болуу укугунан чектелген.

Украинанын Жогорку Радасынын Төрагасы Руслан Стефанчук. Рада 450 эл өкүлүнөн турат. Алар 5 жылкы мөөнөткө шайланып, шайлоо аралаш системада өтөт.

Украинанын Премьер-министри  - Денис Шмыгаль.

Өлкөнүн аймагы 27 административдик-территориалдык аймак бөлүнгөн, анын ичинде 24 область, 1 автономдук өлкө жана 2 шаар мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алынат. Украинада 490 район, 459 шаар, 885 шаар түрүндөгү аймактар жана 28450 айыл, кыштактар бар.

Украинаны жалпы аянты 603628 км² түзөт (эгерде азыркы учурда Россиянын көзөмөлүндө болгон Крым жеринин аймагын албаганда 576,604 тыс. км²). Украина Чыгыш Европанын борбор бөлүгүндө жайгашып, ал Европадан Азияга, Скандинав өлкөлөрүнөн Жер ортолук деңиз өлкөлөрүнө жол ачат.

Батышта Украина Польша, Венгрия жана Словакия менен чектешет, алар аркылуу Украина Батыш жана Борбор Европадагы өлкөлөр менен байланышат. Чыгыш жана Түндүктө Россия менен, ал эми Түштүк-батышта Молдова жана Румыния менен чектешет. Түндүктө Украина Белорусия менен чектешип, ал аркылуу Балтика өлкөлөр менен байланыш түзүлөт. Румыния жана Россия менен Украина деңиз чек арасына да ээ.

Украинанын Кара жана Азов деңиздерине чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, алар аркылуу Украина Жер ортолук деңиздеги өлкөлөр менен байланыш түзөт. Суу аркылуу Украина Турция жана Грузия өлкөлөрү менен чектешет.

Украинанын океандардын, континенталдуу Евразиядан алыс болушу жана аймагынын түздүктөрдөн түзүлүшү өлкөнүн мелүүн-континенталдык климатына себепкер болуп, батыштан чыгышка карай бара-бара өзгөрөт. Континенталдык климаттын өсүшү менен жай мезгили өтө ысык, ал эми кыш мезгили суук болуп, жаан-чачын көбөйүүдө.

Украинанын калкы 44 291 413 кишини түзөт.

Украинанын улуттук валютасы гривна (1 гривна – 100 копеек).

Калктын көпчүлүгү христиан динин православдык агымын карманат.

Украина индустриалдык-агрардык өлкө болуп саналат. Металлургия, энергетика (атомдук электрстанциялары жана Днепр дарыясында гидроэлектрстанциялардын каскады бар), ошондой эле, химиялык жана жер казуу өндүрүшүтөрү байма-бай өнүккөн.