Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Украиндагы Элчилиги Украинанын Улуттук жазуучулар союзунун Киевдеги уюму менен биргеликте “Буква” аттуу китеп сатылуучу дүкөнүндө Элчиликтин демилгеси менен Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата украин тилине алгачкы жолу которулган Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романынын бет ачарын өткөрдү.

5420

Иш-чарага Элчиликтин кызматкерлери, Украинанын Улуттук жазуучулар союзунун Киевдеги уюмунун жетекчиси В.Даниленко, украин тилине Ч.Айтматовдун башка чыгармаларын которгон М.Васькив, жазуучулар жана Ч.Айтматовдун күйөрмандары катышышты.

Украинанын Улуттук жазуучулар союзунун Киевдеги уюмунун жетекчиси Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романынын мазмунун жана маанисин түшүндүрүп берди. Роман сүйүү жана түшүнүү, ынсап жана бектик, өз жанын аябоочулук жана кайдыгерсиздик жөнүндө кыялданып сыздап жаткан адамдын жүрөгү жөнүндө экендигин билдирди.

Элчиликтин кеңешчиси М.Апышов “Кассандра тамгасы” романы жазуучунун руханий сыр төгүүсү, ал эч кимди өзүнүн терең мааниси жана көркөм баалуулугу менен кайдыгер калтырбайт. Анда өзүңдүн жашооңо жана аракеттериңе үчүн болгон жоопкерчилик айтылат.

Иш-чаранынын жыйынтыгында келген коноктордун бардыгына белек катары Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” украин тилиндеги китептери таратылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK