Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2019-жылдын 30-январындагы пресс релизи

5306

2019-жылдын 30-январында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповдун “Киев дипломатичный” аттуу журналынын башкы редактору, Украинанын улуттук журналисттер союзунун мүчөсү О.Кондратенко менен жолугушуусу болуп өттү.

Журнал ар кайсы чет өлкөнүн маданияты, каада-салты, үрп-адаттары, туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макалаларды чагылдырып, Украинада аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын башчыларынын журналга берген маектерин жарыялайт. Журнал бир жылда 6 жолу чыгып, анын нускасы 5000 даананы түзөт.

Олександр Кондратенко 2018-жылдын № 4 журналын чогуу ала келип, анда Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27-жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган дипломатиялык кече өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат жарыялангандыгын билдирди.

Жолугушуунун учурунда Тараптар 2019-жылы кызматташуу жөнүндө маселелерди талкуулап, кызматташууну эки тараптын кызыкчылыктарынын негизинде ар тараптуу алып баруусу макулдашылды.

  • Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин  2019-жылдын 30-январындагы пресс релизи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK