2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин Директору Мирослав Кастран менен болгон жолугушуунун учурунда ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды.

2370

Департаменттин Директору Мирослав Кастран Элчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалоо менен бирге анын бул жогорку кызматка дайындалышы кыргыз-украин мамилелерин илгерлетүүгө багытталарына ишенип, ийгиликтерди каалады.

Өз учурунда, Элчи Идрис Кадыркулов мындан ары кыргыз-украин мамилелеринин эки өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Жолугушуу достук жана конструктивдүү маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK