Киев шаарында КР менен Украинанын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25-жылд.

7047

«Киев шаарында Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25–жылдыгына арналган кыргыз сүрөтчүлөрү: Кырызстандын Эл сурөтчүсү Ю.Шыгаевдин, А.Касымованын, А.Шагиеванын “Көчмөн кыз” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды”.

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында, кечинде (саат 19.00до), Киев шаарынын “Триптих” галереясында Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25–жылдыгына арналган Кырызстандын Эл сүрөтчүсү Ю.Шыгаевдин жана жаш кыргыз сүрөтчүлөрү А.Шагиеванын, А.Касымованын “Көчмөн кыз” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Коноктордун катарында Украинанын мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык корпустун, маданият жана исскуство тармагынын, Украинадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. Ачылыш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Украинадагы Убактылуу Ишенимдүү өкүлү М.Апышов 25-жыл аралыгында эки мамлекеттер ортосунда өнөктөштүк мамилелер түзүлгөндүгүн белгилеп, мындан ары кыргыз-украин мамилелеринин бекемделишине ишенимдүүлүк билдирди жана көрөзмөнүн конокторуна кыргыз көчмөн цивилизациясына болгон саякаттоодон жарык таасир алууну каалады. Көргөзмөдө кыргыздардын көчмөн жашоо образын, рухий салттарын, бай тарыхын жана кооз жаратылышын чагылдырган 30дан ашык сүрөттөр коюлду. Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги, мекендештер – А.Исмаилов, А.Мурзаева жана И.Бетранд мекендештер жардамы менен уюштурулуп, өз ишин 15 ноябрга чейин улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK