Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

5273

Украинанын Министрлер Кабинети 2020-жылдын 22-майына чейин мамлекеттик чек арадан авто унаа менен гана жана төмөнкү 19 чек ара пунктунан: Ягодин, Краковец, Ужгород, Чоп (Тиса), Дьяково, Порубное, Староказачье, Рени, Могилев-Подольский, Милово, Гоптовка, Бачевск, Юнаковка, Сеньковка, Новые Яроловичи, Выступовичи, Доманово, Славутич, Рава-Русская өтүүгө мүмкүн экендиги тууралуу тийиштүү токтом кабыл алды.

Чек ара өткөрүү пунктарынын тизмеси Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын интерактивдүү картасында көрсөтүлгөн http://dpsu.gov.ua/ua/map.

Мурда кабыл алынган мамлекеттик чек арадан жарандарды өткөрүү жөнүндөгү убактылуу ченемдер өз күчүндө калууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK