Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо тууралуу маалымат
УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР - - ШАЙЛООЧУЛАР!
Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү туукралуу маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү жүргүзүү максаттарында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. Жакынкы эки жыл ичинде шайлоо мыйзамына ылайык өлкөдө төмөнкү шайлоолорду өткөрүү пландаштырылган:
- 2020-жылдын апрель айында 30 жергиликтүү кеңешке (айыл жана шаар кеңештери) - токтотулду;
- 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоолор;
- 2021-жылдын апрель айында 418 жергиликтүү кеңешке (айыл жана шаар кеңештери);
- 2021-жылдын октябрь айында 4 жергиликтүү кеңешке (айыл).
https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml
Порталдан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды текшерип жана тактай аласыз!
Эгер Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, анда Сиз Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигине жазуу түрүндө № 2 Формасы боюнча арыз берүүңүз керек - https://shailoo.gov.kg/ru/obrazcy-form-zayavlenij/
КӨҢҮЛҮҢҮЗДӨРДҮ БУРУУНУ СУРАНАБЫЗ:
Шайлоочулар тизмелеринен каталар же так эместиктер табылган учурда, Сиз телефон аркылуу же ватсап/вайбер/телеграм: +380689033699 номери боюнча маалымдай аласыз же суроо-талапты https://tizme.gov.kg/view/public/feedback.xhtml
Порталдын «Кайтарым байланыш» бөлүмү аркылуу жөнөтө аласыз!