Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

4677

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары өзүңүздөрдү төмөндө тиркелген документте шайлоочулар тизмесинен текшериңиз, же болбосо, www.tizme.gov.kg сайтындагы “Тизме” мамлекеттик порталындагы шайлоо участкаларынын тизмесинен  текшерсеңиз болот.

Киев шаарындагы № 9022 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине кирбей калган учурда жаран Элчиликке келип, өздүгүн тастыктаган документтерин – жалпы жарандык (чет элдик) паспортун же КР жаранынын паспортун (ички паспорт - ID-карта) көрсөтүп, инсандыгын идентификациялоодон өтүп, форма-2 боюнча арыз жазуусу керек. Мындан соң жаранды Киев шаарындагы № 9022 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине киргизүү үчүн маалымат БШКга жөнөтүлөт.

Форма-2 боюнча арыздар участкалык шайлоо комиссиясына 2020-жылдын 20-сентябрына чейин кабыл алынат.

https://tizme.gov.kg/

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK