Пайдалуу маалымат

Швейцарияга кирүү боюнча маалымат

Сиз саякатка чыгаардан мурун Travelcheck онлайн кызматы аркылуу Швейцарияга киргенде сиздин өзгөчө жагдайыңызда кайсы эрежелер колдонуларын текшере аласыз.

Виза талаптарын Швейцариянын Бишкектеги элчилигинин сайтынан текшериңиз.

2022-жылдын 2-майынан тартып Швейцарияга кирүү үчүн эмдөө, айыгып кетүү же терс тесттин жыйынтыгы, же кирүү формасын толтуруу талап кылынбайт.

______________________________________________________

 

Кыргыз Республикасына сапар тарткан жарандар үчүн маанилүү маалымат

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги биргелешкен чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясына каршы эмдөө күбөлүгүн же ПЦР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтпөстөн кире алышат.

______________________________________________________

 

Европага сапар тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына кеңештер

Европа өлкөлөрүнө, айрыкча туристтер эң көп каттаган өлкөлөргө (атап айтканда, Франция, Италия, Испания, Швейцария ж.б.) барганда, уурулуктун же талап-тоноочулуктун натыйжасында документтерди, каражаттарды, жеке буюмдарды ж.б. жоготуп албаш үчүн, Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилиги сак жана этият болууга чакырат!

Төмөнкүлөр сунушталат:

1. Сак жана этият болуңуз.

2. Документтерди (жарандык паспорт ж.б.) акча жана баалуулуктардан бөлөк кармаңыз.

3. Документтерди, акча каражаттарын жана баалуу буюмдарды чөнтөгүңүздө сактабаңыз.

4. Баалуу буюмдар, документтер жана башкалар салынган каптар эч качан кароосуз калбашы керек. Баалуу буюмдар, документтер жана башкалар салынган каптар ээлеринин туруктуу көзөмөлүндө болушу керек.

5. Баалуу буюмдар жана документтер салынган каптарды алдыңызда көтөрүп жүргөнүңүз жөндүү, аркаңызда же капталыңызда эмес.

6. Айрыкча ачык, эл көп чогулган жерлерде кымбат баалуу зер буюмдарды тагынбагыла.

7. Кооптуу жерлерден алыс болуңуз.

8. Кеч басканда этият болуңуз.

Ар кандай себептерден баалуу буюмдар жана документтер жоголгон учурда, атап айтканда, жарандык паспорт - жол жүрүүчү документ болуп саналат, ансыз чек арадан өтүү МҮМКҮН эмес, төмөнкү аракеттер көрүлүшү керек:

1. Тез арада Кыргыз Республикасынын жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн консулдук кызматкери менен байланышыңыз.

2. Окуя жөнүндө кабарлап, керектүү маалыматты алгандан кийин, токтоосуз жакынкы полиция бөлүмүнө кайрылыңыз.

3. Кабарлаган убакытты өзүңүз жазып алыңыз.

4. Полиция бөлүмүндө арыз (оозеки же жазуу жүзүндө) берип, тиешелүү протокол түзүүнү сураныңыз.

5. Протоколдун түп нускасын же көчүрмөсүн алыңыз.

6. Полиция бөлүмүнүн дарегин, байланыш маалыматтарын, ошондой эле арызды кабыл алган жана протокол түзгөн полиция кызматкеринин аты-жөнүн жана кызмат ордун өз алдынча жазып алыңыз.

7. Кошумча көрсөтмөлөрдү алуу үчүн жакынкы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн консулдук кызматкери менен байланышыңыз.

8. Эгерде Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүк керек болсо, анда 3x4 см өлчөмүндө эки фотосүрөттү (ар бир адамга) даярдаңыз.

Жалпы сунуштар жана эскертүүлөр

- Чет өлкөдө жарандык паспорт жоголгон учурларда, Кыргызстанга кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берген Кыргыз Республикасына кайтууу күбөлүктү берүү тартиби каралган. Документ 30 күндөн ашпаган мөөнөткө берилет.

- Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын жараны жүргөн өлкөсүнөн Кыргызстанга кайтып келүүгө гана укук берет, башка өлкөлөргө барууга укук бербей тургандыгын эске алгыла. 

- Жарандык паспорт жоголгон учурларда, сиз дүрбөлөңгө берилбешиңиз керек. Жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүккө өз убагында кайрылганда, жарандарга Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүк алууга керектүү жардам көрсөтүлөт.

- Документтерди даярдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти сактоо зарылчылыгын талап кылат.

- Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин, бир айдын ичинде жаңы паспортту алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, документтерди тапшырганда Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүктү тапшыруу керек.

Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүктү алуу үчүн консулдук жыйым 10 АКШ долларын түзөт.

 

Элчиликтин банк реквизиттери

Банк / Bank: UBS SA, Switzerland
Номер счета / Account number: 793.423.00 Q
Номер клиринга / Clearing number: 240
Счёт на имя / Account name:
Mission Permanente de la République du Kirghizistan Aupres de l'ONU 
Адрес / Address: Avenue Blanc 51, 1202 Genève
№ CP: 80-2-2
SWIFT (BIC): UBSWCHZH12A
IBAN: CH35 0024 0240 7934 2300 Q

 

Күбөлүктү алыстан алуу үчүн анкетаны жүктөө -  Link to file