Дуйнолук саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ)

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДСУ)

http://www.uzbekistan-geneva.ch/IMG/jpg/02.jpg

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык аймактык бюросуна 1992-жылы мүчө болгон.  1993-жылы Бишкекте Борбор-Азиялык аймак үчүн саламаттык маселелери боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Маалымат борбору ачылган (долбоор 2005-жылы аяктаган). 1994-жылы Кыргызстан менен байланыш жана  координациялоо боюнча БДСУ Бюросу ачылган, 2006-жылы Кыргызстандагы БДСУ Кеңсеси деген аталышка алмаштырылган.

2019-жылдын февралынан баштап БДСУ Кеңсесинин башчысы Назира Артыкова. БДСУ Кеңсеси жергиликтүү эксперттердин, улуттук координаторлордун жана кеңешчилердин потенциалын колдонот.

Укуктук база: БДСУ жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы базалык маклдашууга 1994-жылдын ноябрында кол коюлган.

БДСУ мандаты:

-саламаттыкты сактоо маселелерин чечүүнү камсыздоо;

-саламаттык маселелеринде глобалдуу ченемдерди аныктоо;

-улуттук саясатты жана программаларды бекемдөө максатында өлкөлөр менен кызматташууну камсыздоо;

-саламаттык, информатика жана стандарттар жаатындагы тийиштүү технологияларды иштеп чыгууну камсыздоо жана рационалдуу колдонууда жардам берүү.

Долбоордук ишмердик.

 Азыркы учурда долбоордук ишмердик 5 багыт боюнча ишке ашырылууда:

  1. Инфекциялык оорлар (кургак учук, ВИЧ/СПИД, вакциналык башкарылуучу оорулар (кызамык ж.б.).
  2. Инфекциялык эмес оорулар (жүрөк кан тамыр көзөмөлү, тамеки буюмдарын колдонуу боюнча көзөмөл, психикалык ооруларды, зомбулукту алдын алуу боюнча каражаттарды ишке киргизүүнү көзөмөлдөө, алкоголду колдонуу боюнча стратегия). БДСУ колдоосу менен Кыргызстан оору жугузуу коркунучтар фактылары, аларды дарылоо жана кароо тууралуу кеңири базаны түзгөн. 2016-жылы БДСУ тарабынан инфаркт жана инсультка учураган кезде кардарларга көрсөтүлүүчү кызматтардын анализин жүргүзгөн, жана азыркы учурда БДСУ линиясы боюнча жеткиликтүү жана натыйжалуу дарылоону жана кароону камсыздоо боюнча жол картасын иштеп чыгуу боюнча колдоо көрсөтүлүүдө.
  3. Эненин жана баланын ден-соолугун көзөмөлдөөнү ишке ашырууга багытталган иш аракеттерди, калк ичинде маалыматты жана ачыктыкты жогорулатуу боюнча иш чараларды, эненин өлүмү боюнча миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча Улуттук иш аракеттер планын ишке киргизүү боюнча көмөк көрсөтүүнү өзүнө камтыган ден-соолукту бекемдөө. 2015-2016-жылдары БДСУ медициналык бойдон алдыруу коопсуз жана жеткиликтүү болушу үчүн айылдарда жана алыскы райондордо биринчи медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык абортту өткөрүү боюнча акушерлерге пилоттук окуу өткөргөн.
  4. Саламаттыкты сактоо системасы. БДСУнун техникалык жардамы менен Саламаттыкты сактоо жаатында Улуттук саясат иштелип чыгылган жана ишке киргизилген, анын ичинде: 2012-2016-жж «Ден соолук» программасы, «Ден соолук 2020» Улуттук программасы. 2016-2018-жылдар ичинде кургак учук менен ооругандарды табуу жана дарылоо стратегиясы киргизилген, ооруларды аныктоодо оорулардын эл аралык классификатору иштелип чыгылган, тирүү төрөлүү критерийлери бекитилген, даарылык саясатты ишке ашырууда жардам берилген, биринчи даарылык формуляр жана өмүр үчүн эң маанилүү дарылардын тизмеси иштелип чыгылган. Малерияга каршы комплекстүү иш чараларга жана эпидемиялык көзөмөл системасын бекемдөөгө ылайык, 2016-жылы БДСУ Кыргызстанды малериядан эркин өлкө катары сертификаттаган.
  5. Улуттук планды, медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу, лабораториялык келечектүүлүктү, пандемияга даярдык планын кайра карап чыгуу, сасык тумоону эпидемиялык көзөмөлдөөнү камсыздоо жана бекемдөө боюнча колдоо көрсөтүү аркылуу эпидемиялык көзөмөлдүн жана жооптуу чаралардын даяр болуусун камсыздоо. 2015-жылы Кыргызстан БСУнун “Мыкты лабораториялар - бекем ден-соолук” демилгесин киргизип баштаган. Ушул демилгенин чегинде БДСУ саясатты иштеп чыгууда жана лабораториялык кызматтардын сапатын жакшыртууда жана адистерди окутууда өзүнүн зор салымын кошуу менен улуттук лабороториялык келекчектүүлүктү өстүрүүд көмөк көрсөттү.
  6. Ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жооптуу чараларды уюштурууда жардам көрсөтүлгөн. БДСУ Кыргызстанда Эл аралык медикалык-санитардык эрежелерди (ЭМСЭ) кеңири киргизүүдө жардам берүүдө. 2016-жылы ЭМСЭ функцияларын биргеликте сыртынан баалоо өткөрүлгөн; 2017-жылы өлкөдө коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча иш аракеттер планы иштелип чыгыган; 2018-жылдан баштап симуляциялык окутуулар жана потенциалды өстүрүү боюнча иш чаралар улантылууда. КР 10 ооруканасында педиатрия жардамын жакшыртуу боюнча долбоор демилгеленген, ошондой эле КР 5 ооруканасында альтернативдик энергия менен камсыздоо боюнча жабдыктар орнотулган.
  7. 2016-2018-жж БДСУ КР Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда коопсуз жолдо жүрүү боюнча долбоор ишке ашырылган,  анын жыйынтыгы боюнча БДСУ жолдордо өлүмдөрдү азайтуу максатына каражат катары «Өмүрдү сактап калгыла (Save LIVES)» техникалык пакетин иштеп чыккан. Бул долбоор 2020-жылы Жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынан өлүмдөрдү 50% азайтууну камсыздоо боюнча Он жылдык иш аракеттер максаттарына жетүүдө Кыргызстанга жардам берүү үчүн багытталган.

БДСУ өзүнүн ишердигин мандатынын чегинде ишке ашырууда жана коюлган тапшырмаларды аткарууда КР Саламаттык сактоо министрлиги менен өз ара иш алып барууда.

Кыргыз Республикасынын делегациялары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын ар жылдык сессиясында, ошондой эле БДСУ Европалык аймактык комитетинин жыйындарында ыргаалдуу түрдө катышууда.