Туруктуу өкүл Бакыт Джусупов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жай Өнүктүрүү Уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Ли Йонг ЮНИДОнун катышуусу менен өткөн виртуалдык брифингинде катышты

3631

2020-жылдын 12-июнунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жай Өнүктүрүү Уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Ли Йонг ЮНИДОнун туруктуу өкүлдөрүнө COVID-19 пандемиясынын өнүгүшүнө кандай жооп кайтаргандыгы жөнүндө виртуалдык брифингде маалымдады.

ЮНИДО эл аралык коомчулук менен биргеликте COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө активдүү катышат. Уюмдун кийинки 12-18 ай ичиндеги мамилеси кризистин кесепеттерин азайтууга, өзгөчө кырдаалдарга жооп берүүгө жана аларга ылайыкташтырууга багытталат. ЮНИДОнун колдоосу мамлекеттерди "жаңы жашоо стандарттарына" ылайыкташтырууга даярдайт, бул экологиялык таза энергия булактарына өтүү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Өз кезегинде Туруктуу өкүл Бакыт Джусупов COVID-19 азыркы муундун коомдук саламаттыгынын эң чоң кризиси деп атады. COVID-19 коронавирустук инфекциясы дүйнөлүк жалын болуп дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык тутумдарына, анын ичинде өнөр жай тармагына чоң басымын көрсөтөт.

Туруктуу өкүл Бакыт Джусупов Башкы директорго Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин экологиялык таза медициналык таштандыларды тазалоо технологияларын иштеп чыгуу боюнча долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча кайрылуусун оң карагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан үчүн Өлкөлүк Кызматташтык Программасынын (КСП) долбооруна карата Б.Джусупов инклюзивдүү жана туруктуу өнөр жайды өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасын колдоо максатында ушул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, маселенин учурдагы абалы жөнүндө маалымат берди.

  • 2020-жылдын 12-июнунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жай Өнүктүрүү Уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Ли Йонг ЮНИДОнун туруктуу өкүлдөрүнө COVID-19 пандемиясынын өнүгүшүнө кандай жооп кайтаргандыгы жөнүндө виртуалдык брифингде маалымдады.
  • 2020-жылдын 12-июнунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жай Өнүктүрүү Уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Ли Йонг ЮНИДОнун туруктуу өкүлдөрүнө COVID-19 пандемиясынын өнүгүшүнө кандай жооп кайтаргандыгы жөнүндө виртуалдык брифингде маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK