Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту

1775

2021-жылдын 1-3-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК) 28-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту.

 Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын ноябрынын аягында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун жыйынтыктары талкууланды. Жогорку комиссар өткөн парламенттик шайлоо саясий плюрализмди жана транспаренттүүлүктү гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын саясий турмушунда этно-маданий ар түрдүүлүгү жана инклюзивдүүлүгү бар экендигин көрсөткɵнүн белгиледи. 

 Маалымат үчүн: Шайлоого катышкан партиялардын тизмесинде талапкерлердин: 18,4%- ар кандай этникалык таандыктагы адамдар, 4,5%- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр жана 25% - 35 жашка чейинки адамдар.

 К.Абдрахманов Жогорку комиссар катары анын негизги артыкчылыктарынын бири улуттук тилдерди өнүктүрүү жана көп тилдүү билим берүүнү жайылтуу экендигин белгиледи. Бул контекстте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" КР Мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгууга эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. 

 Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргыз Республикасы менен Жогорку Комиссарынын кеӊсесинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү жана жемиштүү тарыхын, атап айтканда, «Кыргыз жараны» жарандык бирдейликти өнүктүрүү концепциясын биргелешип иштеп чыгууну белгиледи, кыргыз тараптын кызматташууга, атап айтканда тынчтыкты орнотуу жаатында кызматташууга даярдыгын билдирди.

 Ошондой эле сүйлөшүүнүн негизги багытында Афганистандагы кырдаал талкууланды. Кыргыз тарабы жаңжалдын жүрүшүндө этникалык аз улуттар көбүнчө аялуу болуп калаарын белгиледи. Буга байланыштуу, Афганстандагы Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздардын абалына тынчсыздануу билдирилди. 

 Жолугушуунун соңунда тараптар саясий туруксуздуктун ушундай татаал мезгилинде Афганистандын бийик тоолуу аймактарынын катаал жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган памирлик кыргыздарга гуманитардык колдоо көрсөтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экендигине өз ара түшүнүшүү жыйынтыгына келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK