Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин ортосунда кезектеги консультациялар болуп өттү

1267

2022-жылдын 8-июнунда Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин ортосунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча кезектеги консультациялар болуп өттү.

Кыргыз делегациясын КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеди. Австрия делегациясынын жетекчиси болуп Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин Россия Федерациясы, Чыгыш Европа жана Түштүк Кавказ, Чыгыш өнөктөштүгү, Түркия жана Борбордук Азия департаментинин башкы директору Герхард Зайллер болду.

Сүйлөшүүлөрдүн башында тараптар 2022-жылдын 25-мартында Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы болгонун белгилешти. Ушуга байланыштуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечектүү багыттары талкууланды.

Тактап айтканда, кыргыз-австрия кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере турган бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун ыктымалдыгы тууралуу маселелер каралды. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын парламенттик достук топторунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарабы 2022-жылдын 27-28-сентябрында Бишкек шаарында Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын (ЭКК) кезектеги 8-жыйынын өткөрүүнү жана анын алкагында кыргыз-австрия бизнес-форумунун уюштурууну сунуштады.

Тараптар маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү кызматташуунун олуттуу потенциалын белгилешти. Билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, Кыргыз Республикасы менен Австриянын университеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Кыргыз тарап бул максатта Кыргызстанда Кыргыз Республикасы менен Австриянын университеттеринин ректорлорунун конференциясын өткөрүүнү сунуштады. Маданий өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында жана үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын эске алуу менен, кыргыз тарап австрия тарапка Австрияда Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасында Австриянын маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштады.

Европа Биримдигинин алкагында өз ара аракеттенүү, БУУнун шайлануучу органдарына бири-биринин талапкерлигине өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине да көңүл бурулду.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK