Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчилиги

1173

Ушул жылдын 24-июнунда Грац шаарында Кыргыз Республикасынын элчилигинин демилгеси менен австриялык Bit-Media компаниясы менен биргеликте уюштурулган «Борбордук Азия - Штирия» Биринчи аймактык бизнес форуму болуп өттү.

Форумдун катышуучуларына Штириянын экономиканы илгерилетүү Агенттигинин Аткаруучу директору К.Людвиг, Штириянын Эл аралык борборунун Аткаруучу директору Р.Брюггер, Австриянын Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү соода өкүлү К.Махаль куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Андан соң Борбордук Азия мамлекеттеринин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеоконференция форматындагы презентациялар жасалды. Биринчи болуп сөз сүйлөө укугу Форумду уюштуруучулардын бири катары Кыргызстанга берилди. Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентацияны КР Тышкы иштер министрлигинин 6-саясий департаментинин бөлүм башчысы Н.Арипов жасады.

 

Андан кийин Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн элчилери сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчиси Т.Макеев Кыргыз Республикасы менен Штирия федералдык жеринин ортосундагы кызматташтыктын келечеги менен дараметине, ошондой эле өз ара кызыгуу жаратуучу конкреттүү багыттарына көңүл бурду.

Bit-Media, Andritz Hydro, DIEHL, AVL LIST GmbH сыяктуу Борбордук Азия өлкөлөрү менен практикалык кызматташтык боюнча тажрыйбасы бар Штириялык компаниялардын презентациялары чоң кызыгууну жаратты.

В2В форматы учурунда төмөнкү Штириялык компаниялар менен практикалык кызматташтыкты жөнгө салуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү:

• DIEHL Metering - керектөөчүлөр үчүн суу эсептегичтерин андан ары жеткирүү жана аларды Кыргыз Республикасында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгү тууралуу;

• AXESS AG - спорт, бош убакытты өткөрүү, маданият жана транспорт жаатында программалык камсыздоонун инновациялык чечимдерин же заманбап өткөрүү системаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу. Axess толук цикл менен алектенет - өз өндүрүшүнүн кирүү билеттерин чыгаруудан баштап кирүүнү башкаруунун индивидуалдык системаларына жана маалымат базасын түзүү үчүн тиешелүү программалык камсыздоону иштеп чыгууга чейин;

• Hydrophil GmbH - суу ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында адистешкен эл аралык консалтинг жана инжиниринг компаниясы;

• Solid Solar Energy Systems GmbH - бул инженердик компания, ал кардарларга багытталган чечимдерди жана күн жылуулук энергия системаларын иштетүү боюнча келишимдерди түзөт.

 

Форумдун жыйынтыгы Губернатордун милдетин аткаруучу (2022-жылдын 1-июлунан тартып Штириянын губернатору кызматына киришүүдө), Штириянын Европа жана эл аралык мамилелер, маданият жана спорт министри К.Дрекслер менен жолугушууда чыгарылды. Федералдык жердин өкмөт башчысы Форумдун иши тууралуу маалыматты зор кызыгуу менен угуп, Штирия менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун мындан аркы келечеги тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү.

Элчи Т.Макеев бардык кесиптештеринин атынан Штириянын жаңы губернаторуна федералдык жердин өкмөт башчысы катары ийгиликтерди каалады. Ал Штириянын бизнес жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү тарабынан ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан практикалык кызматташтыкты жана зор кызыгууну эске алуу менен жыл сайын “Борбордук Азия – Штирия” форматында аймактык бизнес-форумду өткөрүүнү сунуштады.

К.Дрекслер бул сунушту зор шыктануу менен кабыл алып, жардамчыларына бул сунушту иш планына киргизүүнү тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK