Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев ЕККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү

669

2022-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Польшанын Лодзь шаарында өтүп жаткан ЕККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө кыргыз делегациясынын башчысы катышуучу мамлекеттерди чыр-чатактарды алдын алуу жана кризистерди багынтуу боюнча Уюмдун механизмдеринин негизинде ЕККУ мейкиндигинде чыр-чатактарды жөнгө салуу жолдорун тез арада издөөгө чакырды.

Ал БУУнун Уставында жана ЕККУнун Хельсинки Корутунду актысында камтылган эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин, анын ичинде суверендүү теңдик, аймактык бүтүндүк, мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө сыяктуу принциптерин сактоо зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле ЕККУнун негиздеринде белгиленген коопсуздуктун бөлүнбөстүгү принцибин жана башкалардын кызыкчылыгынын эсебинен улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын камсыз кылбоо милдеттенмелерин эске салды.

Ушуга байланыштуу ал Кыргызстан ар дайым чыр-чатактарды тынчтык сүйлөшүү жана саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү жактай турганын баса белгиледи.

Аймактык коопсуздук маселесине токтолуп, А.Молдогазиев Кыргыз Республикасынын Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстерди илгерилетүүгө умтулуусун баса белгиледи. Тактап айтканда, ал Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана өз ара аракеттенүүнүн башка түрлөрү биздин аймактын стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бекем негиз болуп саналарын белгиледи.

Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө токтолуп, 30 жылдык кызматташуу мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын турмушунун бардык чөйрөлөрүндө ири жана позитивдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүүдө, атап айтканда, демократиялык институттарды чыңдоодо жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда олуттуу натыйжаларга жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи.

Ал коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана эффективдүү мамлекеттик башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, экология жана климат, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү сыяктуу тармактарда Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташуунун учурдагы артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK