Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Т.Макеевдин ЕККУнун Туруктуу Кеңешинин биринчи чакырылган Атайын отурумуна катышуусу жана анда сүйлөгөн сөзү тууралуу

363

2023-жылдын 12-январында Венада Түндүк Македониянын төрагалыгы астында ЕККУнун Туруктуу Кеңешинин ушул жылы биринчи чакырылган Атайын отуруму болуп өттү. Отурумда ЕККУнун Учурдагы төрагасы, Түндүк Македониянын Тышкы иштер министри Буяр Османи (Bujar Osmani) сөз сүйлөп, түндүкмакедониялык төрагалыктын программасын тааныштырды.

20дан ашуун ЕККУга катышуучу-мамлекеттердин делегациялары, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын делегациясы дагы Түндүк Македония төрагалыгынын приоритеттерин колдоп, сөз сүйлөштү.

Өз сөзүндө КРнын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү Т.Макеев жаштар күн тартибин мындан ары жылдыруу үчүн ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ресурстарын пайдаланууга төрагалыкты чакырды.

Уюмдун бардык үч өлчөмү (багыты) боюнча Түндүк Македония төрагалыгы менен конструктивдүү кызматташууга кыргыз тарабынын даярдыгын билдирди.

Түндүк Македониянын туруктуу экономикалык өсүштү жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыкты колдоо аркылуу адам коопсуздугун камсыз кылуу ниетин өзгөчө белгиледи. Ушундан улам КР Президенти С.Жапаровдун өлкөбүздүн тышкы карызын “жашыл” долбоорлорду ишке ашырууга алмаштыруу демилгесине көңүл бурду жана КР Президентинин өнөктөш өлкөлөр менен эл аралык каржы институттарына карата жакында жасаган кайрылуусунун негизги учурларын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK