Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Эндре Эрдошко консулдук патент тапшырды

5067

2019-жылдын 19-сентябрында Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Эндре Эрдошко консулдук патент тапшырды. Ушул учурдан баштап, Эндре Эрдош Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Ардактуу консулу кызматына  расмий киришти.

Министр ѳлкѳлѳрдүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чѳйрѳлөрдѳгү эки тараптуу кызматташтыкты күчѳтүү зарылчылыгын, ошону менен бирге Венгрияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого ѳзгѳчѳ кѳңүл буруп, анын маанилүү экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK