2022-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги Германиянын тышкы иштер Федералдык министрлигинин имаратында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

1693

2022-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы ЭлчилигиГерманиянын тышкы иштер Федералдык министрлигинин имаратында Кыргызстан мененГерманиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынаарналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын башында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жана Германиянын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг сөз сүйлөп, кыргыз-герман кызматташтыгынын жемиштүү жана көп кырдуу мүнөзүн белгилешти. Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгынын бардык чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелерди мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыгын жана даярдыгын баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия биз үчүн Европадагы эң маанилүү өнөктөш экенин жана бул жагдай анын Европа Биримдигиндеги жана дүйнөлүк аренадагы алдыңкы орду жана ролу менен шартталганын баса белгиледи.

Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз-Германия прикладдык информатика институтунун ректору Аида Төлөгөнова, Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) вице-президенти Николь Шпундфлаш жана Борбордук Азия геоилимдер институтунун (CAIAG) германиялык тараптын тең төрагасы Оливер Бенс, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин немис тили кафедрасынын доценти. Зухра Абдукеримова сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө NABU, CAIAG, Кыргыз-Герман прикладдык информатика институту жана Кыргыз-Герман техникалык институтунун Кыргызстандагы көп жылдык жигердүү жана ийгиликтүү ишмердүүлүгү боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Кеченин коноктору Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөсү жана видеороликтер менен бирге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жамиля Райымбекова жана комузчу Үмүт Муратбекова айымдардын чыгармачылыгына күбө боло алышты. Конокторго улуттук тамак-аштар, суусундуктар сунушталды.

Иш-чара салтанаттуу маанайды өтүп, ага Бундестагдын, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин, бир катар министрликтердин жана ведомстволордун, Германиянын саясий фонддорунун, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн, КР Ардактуу консулдардын жана Германиянын ар кайсы федералдык жерлериндеги кыргыз диаспоралык уюмдарынын жетекчилери жана активисттери катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK