2022-жылдын 20-декабрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Өмʏрбек Текебаев Германиянын Академиялык алмашуу кызматынын (ДААД) Башкы катчысынын орун басары доктор Михаель Хармс менен жолугушту.

645

2022-жылдын 20-декабрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Өмʏрбек Текебаев Германиянын Академиялык алмашуу кызматынын (ДААД) Башкы катчысынын орун басары доктор Михаель Хармс менен жолугушту. Жолугушууга ДААДдын Берлиндеги бюросунун башчысы Кай Франке катышты. Жолугушууда Кыргызстан менен ДААД ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Өмʏрбек Текебаев ДААД жетекчилигине Кыргызстан менен көп жылдан бери ийгиликтүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул кызматташуунун алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине, бүтүрүүчүлөрүнө жана окутуучуларына Германияда билим алуу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн стипендиялар берилип жаткандыгын белгилеп, мындан ары дагы активдʏʏ кызматташуунун уланта берилишине ʏмʏттɵндʏ.

Жолугушуунун жүрүшүндө ДААД Башкы катчысынын орун басары доктор Михаель Хармс ДААДдын Борбордук Азия региону, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыктын актуалдуу жана келечектеги маселелери тууралуу маалымат берди.

Маалымат үчүн: Германиянын Академиялык алмашуу кызматы (ДААД) Кыргызстанда 1994-жылы ɵз ишин баштаган. Бишкекте ДААДдын маалымат борбору бар.

ДААД кыргызстандык студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү магистратура программалары жана PhD долбоорлору үчүн стипендиялары менен, ошондой эле университеттин окутуучуларын жана изилдөөчүлөрүн алты айга чейин Германиянын университеттеринде тиешелүү өнөктөштөр менен биргелешкен изилдөө иштерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү каржылоо программалары менен колдойт. Узак мөөнөттүү кызматташуу долбоорлору үчүн ДААД ар кандай долбоорлорду каржылоо программаларын сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK