2023-жылдын 14-январында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинде «Кыргыз ʏйʏ» маданий борборунун ачылыш аземи болуп ɵттʏ.

587

2023-жылдын 14-январында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинде «Кыргыз ʏйʏ» маданий борборунун ачылыш аземи болуп ɵттʏ. 

Бул салтанаттуу иш-чарага Германиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлери жана алдыңкы жаштары катышышты. Ошондой эле Польшадагы кыргыз диаспоралык уюмунун ɵкʏлдɵрʏ келишти.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Өмʏрбек Текебаев ɵз сɵзʏндɵ Германиянын борбору Берлин шаарында ачылып жаткан бул Кыргыз маданий борбору Германияда Кыргызстанды таанытуунун, кыргыз диаспора ɵкʏлдɵрʏнʏн жолугушууларын, иш-чараларын ɵткɵрʏп туруучу жана Германияда тɵрɵлʏп, ɵсʏп келе жаткан жаш кыргыз муундарынын кыргыз маданияты менен таанышып, кыргыз тилин ʏйрɵнɵ турган жайы болоорун белгиледи. Элчи Германиядагы мекендештерди биримдикке, ынтымакка жана Кыргызстандын ɵнʏгʏшʏнɵ мындан ары да ɵз салымдарын кошууга чакырды.

Кечеге келген кыргыз диаспоралык уюмдардын ɵкʏлдɵрʏ ɵз уюмдарынын жасап жаткан иш-аракеттери жана келечекте жасала турган иш-чаралары тууралуу маалымат беришти жана мындай Кыргыз маданий борборунун тʏзʏлгɵндʏгʏнɵ абдан кубанышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Германияда бʏгʏнкʏ кʏндɵ 10дон ашык кыргыз диаспоралык уюмдары тʏзʏлгɵн жана алар маданий-гуманитардык тармактарда ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанга ɵз жардамдарын берип келе жатышат. Ошону менен бирге, кыргыз диаспоралык уюмдар Германиядагы кыргыздарды биримдикке ʏндɵгɵн ар кандай биргелешкен майрамдык, маданий, билим берʏʏчʏ, спорттук иш-чараларды жʏргʏзʏп келишет.

Кеченин жʏрʏшʏндɵ Германиядагы кыргыз жаштарынын аткаруусундагы кыргыз ырлары жаңырып, кыргыз жана немис классикалык чыгармалары аткарылды. Келген коноктор кыргыз улуттук тамак-ашынан даам татып, бири-бири менен жагымдуу маанайда ɵз ара баарлаша алышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK