Элчи Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысы Ахмад Хассан Аль-Хаммади менен жолугушуу өткөрдү
2021-жылдын 17-февралында Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысы Ахмад Хассан Аль-Хаммади менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Ч.Эшимбеков Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге даректелген катын тапшырды. Андан тышкары, эки тараптуу кызматташтыктын ар кандай тармактардагы абалы жана келечеги, анын ичинде буга чейин жетишилген келишимдерди иш жүзүнө ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.