Элчи Ч.Эшимбеков Катар Мамлекетинин Билим берүү жана жогорку билим берүү министри доктор Мохаммед Абдулвахид Аль-Хаммади менен жолугушуу өткөрдү
![](/uploads/content/10800/2c7fe49e-b1ff-3967-9911-8ea37ab32e94.jpeg)
Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Билим берүү жана жогорку билим берүү министри доктор Мохаммед Абдулвахид Аль-Хаммади менен жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз-катар кызматташтыгынын билим берүү тармагындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. 2014-жылдын сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илимий-изилдөө тармагында кызматташуу жөнүндөгү Макулдашуунун алкагында эки мамлекеттин профилдик органдарынын жана жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана ар кандай өз ара сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.