Үстүбүздөгү жылдын 31-январында Доха шаарында Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Нурлан Абдрахманов менен Ахмад Аль-Хаммадинин деңгээлинде Экинчи кыргыз-катар ТИМдер аралык саясий консультациялары болуп өттү.

3430

Консультациялардын жүрүшүндө, тараптар приоритеттүү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгилешти. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы деңгээлине оң баа берүү менен, тараптар алакаларды саясий, соода, инвестиция жана маданий-гуманитардык тармактарында кеңейтүүгө даярдыктарын билдиришти. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде сапарларды уюштуруунун, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөнүн жана өз ара иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Андан тышкары Орто Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана эл аралык күн тартиптеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында аракеттешүүсү талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн аягында, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволору аралык саясий консультацияларды өткөрүү тажрыйбасы талкууланды.

Ошол эле күнү Н.Абдрахманов Катардын Мамлекеттик тышкы иштер министри Султан бин Саад Аль-Мурайхи менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода, инвестиция жана маданий-гуманитардык тармактарында кеңейтүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK