Үстүбүздөгү жылдын 2-майында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Катар Мамлекетинин Ички иштер министринин орун басары, Коомдук коопсуздуктун Башкы директору генерал-майор Саад бин Жассим Аль-Хулайфи менен жолугушуу өткөрдү.

3258

Жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз-катар кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин (2018-жылдын марты) жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин (2018-жылдын октябры) Катар Мамлекетине болгон сапарларынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Н.Ниязалиев катарлык тараптан Доха мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана КРнын жарандарына визасыз режим киргизүүнү тездетүү маселелерине көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты тереңдетүү жана тажрыйба алмашуу үчүн өз ара сапарларды уюштуруу келишими жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK