Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жардамы менен “Аль Азт Трейдинг” кыргыз-каЭл аралык “Рамазан фестивалы” көргөзмө-жармаңкесине катышып жатат

6786

Кыргыз Республикасынын экспорттук азык-түлүк өндүрүшүн алдыга жылдыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жардамы менен “Аль Азт Трейдинг” кыргыз-катарлык компаниясы Доха шаарында үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен тартып өтүп жаткан жана 4-июнга чейин улануучу Эл аралык “Рамазан фестивалы” көргөзмө-жармаңкесине катышып жатат. “Аль Азт Трейдинг” компаниясы көргөзмөнүн конокторунун арасында популярдуулукка ээ болгон ар түрдүү бал сортторун жана кургатылган мөмө-жемиштерди көрсөтүүдө.

Бул көргөзмө-жарманке жыл сайын уюштурулат жана быйылкы иш-чара “Мусулман өлкөлөрүндөгү меймандостук” лозунгунун астында өтүп жатат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK