Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин Директору Элчи Халид Ибрахим Аль-Хамар менен жолугушуу өткөрдү
Үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин Директору Элчи Халид Ибрахим Аль-Хамар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы актуалдуу маселелери, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.