Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги «Нооруз» жаз майрамына карата майрамдык иш-чарага катышты

1572

Ушул жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Катчылыгында өткөн «Нооруз» жаз майрамына карата майрамдык иш-чарага катышты.

Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, ШКУнун диалогу боюнча байкоочулар жана өнөктөштөр, кытай тараптан сыйлуу коноктор жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ШКУнун жаны дайындалган Башкы катчысы Чжан Мин куттуктоо сөзү менен чыкты. ШКУнун Башкы катчысы  "Нооруз" майрамы  элдерибиздин сүйүүгө, достукка жана ынтымакка умтулуусун, жаңы жакшы жашоону күтүүнү жана биримдикке, сабырдуулукка, ынак коңщулукка жана тынчтыкка умтулуусун билдирет. 

 Куттуктоо видеокайрылууларын БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш жана Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Лэ Юйчэн да жөнөтүштү.

Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ф.Арзиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.  (Эскертүү: Өзбекстан Республикасы учурда ШКУга төрагалык кылууда.)

Иш-чарада конокторго Кыргызстандын, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекеттердин башка өлкөлөрүнүн элдеринин улуттук тамак-аштары жана көркөм кол өнөрчүлүк буюмдары (сүрөттөр, сувенирлер, кийизден жасалган буюмдар ж.б.) тартууланды. Иш-чаранын конокторуна  улуттук бийлер, элдик ырлар жана аспаптык музыканын чеберлеринин аткаруусундагы концерттик программа тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK