КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев жетектеген КРдин делегациясы ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 49-сессиясына катышууда

202

2023-жылдын 16-17-мартында Мавритания Ислам Республикасынын Нуакшот шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 49-сессиясына катышууда.

Сессия «Сабырдуулук: коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн ачкычы» деген ураан астында өтүүдө, ага Мавританиянын Тышкы иштер министри Мохамед Салем Оулд Мерзуг төрагалык кылууда жана Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, байкоочу өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн бир катар саясий, экономикалык, маданий, гуманитардык жана башка маселелерин карашат. Сессиянын күн тартиби ислам дүйнөсүнүн салттуу маселелерин, дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө мусулман коомчулугун жана анын маданиятын колдоону, ошондой эле зордук-зомбулук экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү заманбап коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн, ошондой эле коопсуздук жана туруктуулук маселелерин талкуулоого арналган.

Ошондой эле БУУнун 15-мартты “Исламофобияга каршы күрөшүү эл аралык күнү” деп жарыялоосунун бир жылдыгына карата исламофобия көйгөйү темалардын бири болду.

Мындан тышкары, бул иш-чаранын алкагында министрдин орун басары А.Артыкбаев ИКУга мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле өнөктөш мамлекеттердин делегация башчылары жана Уюмдун байкоочулары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK