КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев ИКУга мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчылары, ошондой эле Уюмга өнөктөш мамлекеттер жана байкоочулары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

195

2023-жылдын 16-17-мартында Нуакшот шаарында (Мавритания) Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 49-сессиясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев ИКУга мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчылары, ошондой эле Уюмга өнөктөш мамлекеттер жана байкоочулары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Атап айтканда, Египеттен Эхаб Бадави, Малайзиядан Чеонг Лун Лай, Индонезиядан Три Тарият, Пакистандан Билавал Бхутто Зардари, ошондой эле Жакынкы Чыгыштын жана Африканын ИКУга мүчө-өлкөлөрүнүн делегацияларынын башка жетекчилери менен сүйлөшүүлөрү өттү.

Бардык жолугушууларда Министрдин орун басары А.Артыкбаев кесиптештери менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын, анын ичинде жогорку жана бийик деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий байланыштарды активдештирүү, эки тараптуу сооданын жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүү, ар түрдүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, визалык режимди жеңилдетүү, туризмди өнүктүрүү жана түз авиакаттамдарды ачуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушууларда айрым өлкөлөр менен жакынкы келечекте эки тараптуу ТИМдер аралык саясий кеңешмелерди жана кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комитеттердин кезектеги жыйындарын уюштуруу жөнүндө макулдашуулар жетишилди.
Министрдин орун басары А.Артыкбаев ошондой эле ИКУга мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчыларына 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды, жана бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин ИКУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлерине даректелген атайын кат жүзүндөгү кайрылууларын тапшырды.

 

 

  •  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK