Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А. Исаев Индияда өткөн “Индия - Борбордук Азия өсүүгө жана гүлдөп өнүгүүгө карай кызматташтык үчүн: бизнес үчүн байланыштар» темасындагы конференцияга катышты

6534

2019-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А. Исаев Индиянын Эл Аралык Соода, Өнөр-жай жана Айыл чарба палатасы тарабынан уюштурулган конференцияга катышып, сөз сүйлөдү.

А.Исаев өз сөзүндө конференциянын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирүү менен, өлкөлөр аралык ишкердик байланыштарды өнүктүрүүдө алардын салымы өтө чон экенин жана азыркы учурда биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп бере турган,  өз ара пайдалуу негиздеги кыргыз-индия мамилелеринин өнүгүүсү жаңы деңгээлге чыкканын баса белгилей кетти.

Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин 2019-жылдын 13-14-июнундагы Кыргыз Республикасына жасаган расмий иш сапарынын жүрүшүндө Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлганы да белгиленди. Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары кыргыз-индия мамилелеринде өтө маанилүү учур болуп калды, анын жүрүшүндө өлкөлөр аралык кызматташууну андан ары терендетүүгө багытталган эки тараптуу 15 документке кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А. Исаев белгилегендей, Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2021-жыл – Кыргызстан менен Индиянын достугу жана маданиятынын жылы деп жарыялоо демилгесин көтөргөн.

Ошондой болсо да, учурда биздин эки тараптуу соода-экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүбүз толуккандуу пайдаланылбай жатат. Буга байланыштуу Кыргызстанда экономикалык кызматташууну оптималдаштыруу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде экономикалык дипломатия боюнча атайын бөлүм түзүлгөн, ал чет өлкөлөр менен экономикалык маселелерди координациялоого арналган.

Индиянын "Санариптик Индия","Электрондук Өкмөт", «StartUpVillage» сыяктуу жаңы технологиялар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана тажрыйбасын эске алуу менен, А. Исаев IT-технологиялары, тоо-кен жана айылчарба тармагы, транспорттук-логистикалык коммуникация, текстиль жана кайра иштетүү өнөр жайы, билим берүү, медицина жана фармацевтика сыяктуу приоритеттүү багыттарда индиялык компанияларды активдүү катышууга үндөдү.

А.Исаев сөзүнүн аягында Кыргызстандын эркин экономикалык зоналарыдагы Индия менен кызматташууга даярэкенин,ошондой эле атамекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн бул аймактарда жагымдуу инвестициялык климат, салык жеңилдиктери жана бажы шарттары бар экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK