Ыйык Тактынын Апостолдук Нунции, Архиепископ Дж.Панамтундил Элчиликке сылык визити менен келди.

186

2024-жылдын 19-январында Ватикан тараптын демилгеси менен Ыйык Тактынын Апостолдук Нунции, архиепископ Дж.Панамтундил Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигине сылык визити менен келди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Д.Дюшекеев Апостолдук Нунций Дж.Панамтундилди 2023-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго ишеним грамотасын тапшырышы менен куттуктап, кыргыз тараптын Ыйык Такты жана Астанадагы Нунциатура менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө  кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара мамилелерди кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Ватикан мамлекетинин ортосундагы ченемдик-укуктук базаны чыңдоону талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK