Түштүк-Африка Республикасы Кыргыз Республикасы менен саясий кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө

285

Астана, 2024-жылдын 24-январы – Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Дастан Дюшекеев Түштүк-Африка Республикасынын Элчиси Кийтуметци С.Т. Мэттьюс менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы жана Түштүк-Африка Республикасынын орторсунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүү, ошондой эле мамлекет башчыларынын деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. ТАРнын Элчиси К.С.Т. Мэттьюс Борбор Азия Түштүк-Африка Республикасы үчүн стратегиялык кызыкчылык туудуруп жаткандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы менен жогорку деңгээлдеги байланыштарды бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыгып бараткандыгын билдирди.

Жолугушууда Элчи Д.Дюшекеев кызматташуунун приоритеттүү багыттары тууралуу маалымат берип, өлкөлөр ортосундагы күн тартибиндеги эки тараптуу маселелерди иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Түштүк-Африка Республикасынын Элчиси К.С.Т. Мэттьюстун жакынкы келечекте кызматташуунун келечектүү жана өз ара пайдалуу багыттарын кошумча талкуулоо үчүн Кыргызстанга сапарын уюштурууга макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK