2019 жылдын 23-25 октябрында Сеул шаарында энергияны калыбына келтирʏʏнʏн булактары боюнча 8-чи Эл аралык конференция болуп ɵттʏ. Бул конференцияга Кыргызстандын делегациясы катышты

4774

2019 жылдын 23-25 октябрында Сеул шаарында энергияны калыбына келтирʏʏнʏн булактары боюнча 8-чи Эл аралык конференция болуп ɵттʏ. Бул конференцияга Кыргызстандын делегациясы катышты. Делегациянын тʏзʏмʏнɵ Кыргыз Республикасынын ɵнɵр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Комитетинин Тɵрагасы Эмил Осмонбетов, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова жана Кыргызстандын чакан ГЭСтер Ассоциациясынын Президенти Эльвира Боронбаева киришкен.

Конференция учурунда Корея Республикасынын соода, ɵндʏрʏш жана энергетика Министри Юнмо Сон мырза жана анын орун басары Жю Йонг Жюн мырза менен эки тараптуу жолугушуулар болду. Бул жолугушуулардын алкагында энергетика тармагыдагы кызматташуу, Кыргызстандын аймагында ГЭС курууга инвестиция тартуу жана энергияны калыбына келтирʏʏ боюнча биргелешкен проекттерди иш жʏзʏнɵ ашыруу жɵнʏндɵ суйлошʏʏлɵр болду.

Ошондой эле Жашыл ɵсʏш боюнча глобалдуу институттун башкармалыгынын Тɵрагасы Пан Ги Мун мырза, Кореянын энергетикалык Агенттигинин Президенти Ким Чанг Сеоб мырза жана Германиянын, Монголиянын, Австралиянын, Камбоджанын жана башка ɵлкɵлɵрдʏн делегацияларынын жетекчилери менен кыска баарлашуу болду.

Кореянын энергетика тармагындагы алдыңкы компанияларынын ɵкʏлдɵрʏ менен болгон сʏйлɵшʏʏлɵрдɵ Кыргызстандын делегациясы инвестициянын жагымдуу шарттары жана энергияны калыбына келтирʏʏ жаатындагы Кыргыз Республикасынын потенциалы боюнча айтып беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK