Заманбап технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жарандары менен байланышты жакшыртуу максатында, WhatsApp мессенджеринин платформасында (+ 7-925-115-50-47) Элчилик чат-бот-"өзүн өзү тейлөө менюсун" киргизди
Заманбап технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жарандары менен байланышты жакшыртуу максатында, WhatsApp мессенджеринин платформасында (+ 7-925-115-50-47) Элчилик чат-бот-"өзүн өзү тейлөө менюсун" киргизди (кыргыз жана орус тилдеринде), ал консулдук кызматтарды алуу тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына консультацияларды автоматташтырылган түрдө берет. Төмөнкү маалыматты чатбот аркылуу алууга болот:
- элчиликтин консулдук бөлүмүнүн дареги жана иш убактысы;
- паспорт алуу / алмаштыруу тартиби, керектүү документтер;
- Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн күбөлүк алуу тартиби, керектүү документтер;
- юридикалык жардам;
- консулдук каттоону орнотуу тартиби жөнүндө;
- жарандык маселелери боюнча;
- башка мүнөздөгү консулдук күбөлүктөрдү алуу тартиби жөнүндө (соттуулугу боюнча, никеге туруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, калктуу конуштардын атын өзгөртүү жөнүндө ж.б.);
- нотариалдык кызматтар жөнүндө.
Элчилик чатботту Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн пайдалуу маалымат менен толтуруу боюнча ишин улантат.
4992385069@mail.ru электрондук дарегине чат-боттун иштеши жана өркүндөтүлүшү боюнча бардык сунуштарды жана сын-пикирлерди жөнөтүңүз.