Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Кайчылаш жылга арналып, Россия Мамлекеттик китепканасында “Россия жана Кыргызстан – маданияттар диалогу” аталган китеп-июллистрациялык көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду

3177

2020-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Кайчылаш жылга арналып, Россия Мамлекеттик китепканасында “Россия жана Кыргызстан – маданияттар диалогу” аталган китеп-июллистрациялык көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына катышты. Салтанаттын катышуучуларына РФнын Маданият министри О.Любимова куттуктоо катын жөнөткөн (текст тиркелет).

Иш-чарада РФнын Маданият министринин орун басары Н.П.Овсиенко, Россия Мамлекеттик китепканасынын Башкы директору В.В.Дуда, РФнын ТИМнин жооптуу кызматкерлери, КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү, Москва Мамлекеттик Лингвистикалык университеттин окутуучулары, студенттери, кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын лидерлери катышышты.

Россия Мамлекеттик китепканасында кыргыз тилинде 28 000 басылма сакталып турат, ал фонд  XIX кылымдан баштап бүгүнкү күнгө чейин чыгарылган китеп, альбом, музыкалык китептерден турат.

“Россия жана Кыргызстан – маданияттар диалогу” көргөзмөсүнүн китеп бөлүмүндө кыргыз, орус жана англис тилиндеги кыргыз адабиятынын чыгармалары коюлган, алардын ичинде кыргыз фольклорунун классикалык үлгүлөрү, баатырдык эпос “Манас”, Ч.Айтматовдун чыгармалары.

Көргөзмөнүн көрүүчүлөрү XX кылымдын белгилүү акыны Токтогул Сатылгановдун маданий мурастары менен таанышып, В.Власова, А. Малдыбаева жана В.Фереге таандык “Айчүрөк” операсынын ноталарын көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.  Экспонаттардын арасында Т. Сатылгановдун (комуз), Кыргыз ССРнин Эл артисти С.Токтокунованын (комуз),  К.Кыскараеванын (кыяк), төкмө акын А.Үсөнбаевдин аткаруусунда жазылган грампластинкалар, белгилүү кыргыз акындары А.Осмонов, Т.Үмөталиевдин чыгармаларынан көркөм окуулардын жазуулары  коюлган.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK