КРнын жарандарын Оренбург жана Самара облустарынан Кыргызстанга кайтаруу тууралуу 2020-жылдын 5-августундагы маалыматтык билдирүүсү

5418

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 2020-жылдын 5-августунда Оренбург жана Самара облустарынан 43 автобус менен 2 504 КРнын жарандарынын, алардын ичинде 1879 эркектер, 625 аялдар жана 39 өспүрүм балдардын Мекенине кайтаруусу уюштурулду.

Кайтарылгандардын тизмесине Оренбург жана Соль-Илецк шаарларында, Бузулук районундагы чатыр лагерде жайгашкандар, ошондой эле Самара облусунда топтолгон КРнын жарандары кирди.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн  жыйынтыгы боюнча, Россия тарап биздин жарандарды өздөрүнүн  аймагынан орус-казак чек арасындагы "Сагарчин" (470 км.) өткөрүү пунктуна жеткируу учун акысыз 32 автобус беришти.

Казакстандык жеке транспорттук компаниялар коммерциялык негизде 43 автобусту ижарага беришти. Ушул компаниялар тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы “Актилек” өткөрүү пунктуна (2225 км.) чейинки жол кирененин минималдык баасы ар бир жаран үчүн 3 миң рубль, ал эми балдар үчүн акысыз болду.

Жалпысынан, жарандарды кайтарып кетирү уюштуруу процесси эки күндүн ичинде этап менен жүргүзүлдү. Ошол эле жерде Кыргыз Республикасынын РФдагы Элчилигинин кызматкери жарандарды документтештирүүнү жүргүздү, тактап айтканда, 32 жарандын паспорту узартылып, 17 жаранга мекенине кайтып кетуу тууралуу күбөлүк берилди.

Элчилик Россия тарап менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарын акысыз медициналык кароодон өткөрүү маселесин жеринен чечти.

Ошентип, Кыргызстандын бардык жарандары өз мекенине Самара жана Оренбург облустарындагы орус-казак чек арасынан алынып кетишти.

Элчилик РФнын Оренбург облусунун губернатору Д.В.Паслерге, Самара облусунун губернатору Д.И.Азаровго, Оренбург облусунун губернаторунун орун басары Кулагин Д.В., Оренбург облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө КРнын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү, чатыр лагерин уюштуруу жана тамак-аш маселесинин чечилген үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Мамлекеттик чек аралар жабылгандан бери Россия Федерациясынын Оренбург жана Самара облустарынан Казахстандын аймагы аркылуу 95 автобуста 9574 мекендешибиздин мекенине кайтып келишти (түшүндүрмө: 7-май, 23-май, 5-июль жана 5-август). Мындан тышкары, 93 авиа каттам уюштурулган.

Жалпысынан, бүгүнкү күндө Россиядан Кыргызстанга 24 944 мекендештерибиз Кыргызстанга кайтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, россия-казакстан чек арасы жабык. КРнын жарандарын чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына барбоого Элчилик чакырат.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, Мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга Элчилик чакырат.

КРнын жарандарына жардам көрсөтүү максатында Россияда жумушка орношуу үчүн бош вакансияларды издөө иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин Элчиликтин жана РФдагы КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү) 3 500 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK