2020-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Убактылуу Ишенимдүү Өкүлү А.Эркин РСФСРдин Эмгек сиңирген артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын Эмгек сиңирген артисти Н.Аринбасарова менен жолугушту.

2345

2020-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз элинин чыгаан уулу Ч.Т.Айтматовдун 92-жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Убактылуу Ишенимдүү өкүлү А.Эркин РСФСРдин Эмгек сиңирген артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисткасы Н.У.Аринбасарова менен жолугушту.

Ал белгилегендей, Н.У.Аринбасарованын талантынын аркасында Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларындагы каймана каармандар кино экранда жандана баштаган. Ошол эле учурда, "Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын ролун аткарганы үчүн Н.У.Аринбасарова Венеция кинофестивалынын башкы сыйлыгын жеңип алып, Джейн Фонда баш болгон көптөгөн дүйнөлүк жылдыздарды артта калытырган.

Н.Аринбасарова орус жана казак маданиятынын өкүлү экендиги, Ч.Айтматовдун кыргыз жана орус тилдеринде жазгандыгын, ал эми Казакстан, анын эли жана ал тургай жаратылышы улуу жазуучунун дээрлик бардык чыгармаларында бар экендигин баса белгиледи. Демек, Н.Аринбасарова биздин бир тууган үч мамлекеттин ортосундагы достуктун символу катары саналат.

Жолугушуунун аягында КТРКнын журналисти Ч.Айтматовдун ушул эле аталыштагы повестинин негизинде "Биринчи мугалим" көркөм тасмасынын 55 жылдыгына арналып, КТРК каналынан көрсөтүлө турган сюжет тартты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK