Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

4836

22-июлда Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттөрүнүн ортосунда жетишилген келишимдердин натыйжасында "Стамбул-Бишкек-Стамбул" каттамы боюнча  341 жаран, анын ичинде АКШ, Канада жана Бразилиядан 48 жаран чартердик рейс менен Кыргызстанга кайтып келишти.
Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилиги дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, АКШда, Канадада, Бразилияда жана Мексикада жүргөн Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келүү боюнча 2020-жылдын март айынан баштап тиешелүү иштерди жүргүзүп келет. Тактап айтканда, жарандардын тизмеси түзүлүп, анын негизинде транзиттик өлкөлөрдөн чартердик рейстер уюштурулат.

Чартердик каттамдар жөнүндө маалыматтар Элчилик тарабынан телефон чалуу жана электрондук почта аркылуу Мекенге кайтып кетүүнү каалаган жарандардын тизмесине катталган Кыргызстандын ар бир жаранынына маалымат жеткирилип турат.

Эске салсак, 2020-жылдын 15-июлунда АКШ жана Канададан 39 жаран ушундай эле каттам менен Кыргызстанга кайтып келишкен.

Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы Элчилиги Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандарды эвакуациялоого багытталган тиешелүү иштерди улантат. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Башкы штабы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Кыргызстандын Стамбул жана Дубайдагы Башкы консулдугу менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK