Кыргызстан менен Болгариянын ТИМ башчыларынын  телефондон сүйлөшүүсү болду

4914

Кыргызстан менен Болгариянын ТИМ башчыларынын  телефондон сүйлөшүүсү болду
2020-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков Болгария Республикасынын Премьер-министринин юстиция реформасы боюнча орун басары, Тышкы иштер министри Е.Захариева менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер өлкөлөр тарабынан #COVID19 вирусу менен күрөшүүдө көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары консулдук маселелер боюнча пикир алмашып, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү, укуктук-келишимдик базаны, ошондой эле экономикалык байланыштарды кеңейтүү жөнүндө макулдашты.

Болгариядагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери, анын ичинде, студенттердин жана эмгек мигранттарынын саламаттыгын сактоо үчүн шарттарды түзүү маселеси, визалардын колдонулуу мөөнөтүн узартууда болгария тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө талкууланды.

Мындан тышкары, министрлер жакынкы убакта онлайн конференция форматында министерлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташуу маселелерине көңүл бөлүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK