Киев улуттук курулуш жана архитектура университетинде алыстан окуу мүмкүнчүлүгү ачылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2019-жылдын 1-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү
Киев улуттук курулуш жана архитектура университетинен Элчиликтин дарегине келип түшкөн катка ылайык, университетте инновациялык институттун ачылышы тууралуу маалымданган. Бул институттун ачылышы менен каалоочулар алыстан окуп (дистанттык түрдө), диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Алыстан окуу (дистанттык) жөнүндө кененирээк маалыматты төмөндөгү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот: http://iino.knuba.edu.ua/.