2020-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Киев шаарында болуп өткөн 32-чи Эл аралык "Агро-2020" Агро өнөржай көргөзмөсүнө катышты.

4901

2020-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Киев шаарында болуп өткөн 32-чи Эл аралык "Агро-2020" Агро өнөржай көргөзмөсүнө катышты.
Көргөзмөдө ири ишканалардын жана Украинанын Машина куруучулар жана жумуш берүүчүлөр “Укрмашстрой” Ассоциациясынын экспозициясы, ошондой эле, айыл чарба багытында колдонуучу заманбап техниканын 200дөн ашык үлгүлөрү көрсөтүлдү.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө жолугушуулар болуп, украиналык машина куруу ишканалары менен байланыштар түзүлдү. Натыйжада, украиналык ишканалар кыргыз ишканалары менен кызматташууга жана Кыргызстандын аймагында айыл чарба техникаларын жана үрөндөрдү филтирлөө шаймандарын чогултуу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыктар экендигин билдиришти.

  • 2020-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Киев шаарында болуп өткөн 
32-чи Эл аралык

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK