2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Харьков областына болгон жумушчу сапарынын алкагында Харьков областынын мамлекеттик администрациясынын төрагасы Алексей Кучер менен жолугушту.

5038

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн учурунда Тараптар Кыргызстан менен Украинанын Харьков областынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгынын перспективдүү жактары тууралуу сүйлөшүштү.

Тараптар, ошондой эле, айыл чарба, жеңил өнөр-жай, IT-тармагында кызматташууга кызыктар болгон бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн активдүү кызматташуусу, гидроэнергетика тармагында иштешүү, багыттар боюнча форумдарды өткөрүү, Жалал-Абад жана Харьков областтарын боордош кылуу, Харьков шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу жөнүндө сүйлөшүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара макулдугун жана кызыктар экендигин билдирип, кийинки кадамдарды белгилешти.

Жолугушуунун аягында Элчи Ж.Шарипов Харьков областынын сыйлуу конокторунун каалоо-тилектеринин китебине өз каалоосун жазып кетти.

  • 2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Харьков областына болгон жумушчу сапарынын алкагында Харьков областынын мамлекеттик администрациясынын төрагасы Алексей Кучер менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK