2020-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Тажикстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Назризода менен жолукту.

Элчи Ж.Шарипов Элчи Д.Назризоданы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.
Тараптар Кыргызстан жана Тажикстандын ортосунда бар болгон достук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирип, ошондой эле, алар элчи болуп дайындалган өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар жана актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алмашышты.
Жолугушуунун соңунда, Тажикстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Назризода Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушуу достук маңызда өттү.