2020-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Украинадагы Болгария Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Коджабашев менен жолугушуу өткөрдү.

5445

2020-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Украинадагы Болгария Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Коджабашев менен жолугушуу өткөрдү.

Элчи Ж.Шарипов өткөн жылдын декабрь жана үстүбүздөгү жылдын январ айларында Болгариянын Президенти Р.Радев мырзага жана Президенттин атынан жыл сайын өткөрүлчү чет өлкөлүк мекемелердин жетекчилеринин жолугушуусуна катышуу максатында Болгарияга болгон иш сапарлары тууралуу айтып берди.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн учурунда эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде мамилелерди активдештирүүнү, министрликтер ортосунда кеңешмелерди өткөрүүнү, Болгариянын ишкерлери үчүн Кыргызстандын инвестициялык жана туризм мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасоону, Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачууну, консулдук-укуктук маселелер боюнча кызматташууну, Болгариянын Казакстандагы Элчисин айкалыштыруу менен Кыргызстанда дагы аккредитациялоосу жөнүндө талкуулашты.

Жолугушуу достук маанайда өттү.

  • 2020-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Украинадагы Болгария Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Коджабашев менен жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK