2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Кыргыз Республикасынын Туризм министрлигинин Туризм секторундагы Эл аралык кызматташтык жана инвестиция дирекциясынын директору Г. Алипиев менен жолугушту.

2566

2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Кыргыз Республикасынын Туризм министрлигинин Туризм секторундагы Эл аралык кызматташтык жана инвестиция дирекциясынын директору
Г. Алипиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин жана өлкөлөрдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча эки тараптуу тажрыйба алмашуунун мүмкүн болгон варианттарын талкуулашты.

Кыргыз тарап өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу кеңири маалымат берип, Болгария менен анын ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөдө жигердүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Болгар тарап тажрыйба алмашуу үчүн Болгарияда кыргыз делегациясын кабыл алууга даяр экендигин ырастап, тиешелүү чакыруу жакынкы арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментине жөнөтүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, Болгария өлкөнүн негизги бюджетин түзүүчү тармагы болгон, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбага ээ.

  • 2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Кыргыз Республикасынын Туризм министрлигинин Туризм секторундагы Эл аралык кызматташтык жана инвестиция дирекциясынын директору
Г. Алипиев менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK