Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү

2208

2022-жылы 20-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси болуп өттү.

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов жана Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шадурды Мередов катышты.

Жыйындын катышуучулары 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшүн талкуулашып, саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун бекитишти.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын форматы аймактык кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн маанилүү беш тараптуу аянтча катары өткөнү баса белгиленди. Тараптар бул форматтагы байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана аны мындан ары өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун катышуучулары өз ара аракеттенүүнүн беш тараптуу форматын, анын ичинде “Борбордук Азия+” форматтарын мындан ары өркүндөтүү зарылдыгы жөнүндө бир добуштан пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Борбордук Азия мамлекеттери БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташып, бул платформалардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилешип, көп тараптуу форматтарда тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Мындан тышкары, кеңешменин катышуучулары актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK