Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Б.Гринченка атындагы Киев университетинде Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов, университеттин жетекчилиги, котормонун автору М.Васькив, окутуучулар жана студенттердин катышуусу менен алгачкы жолу украин тилине которулган Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагынын (“Тоолор кулаганда”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Уул менен жолугушуу”) бет ачары болуп өттү.

3877

Университеттин окуучулары Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда”, “Чыңгызхандын ак булуту” аттуу чыгармаларынан украин тилинде үзүндүлөрдү окуп беришти. Катышуучулар үчүн Ч.Айтматов жөнүндө документалдуу кыска метраждуу фильм көрсөтүлгөн. Котормонун автору иш-чаранын катышуучуларына жыйнакка кирген Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мазмуну жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндап берди.

Элчи Ж.Шарипов өз сөзүндө Ч.Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы, анын өзгөчөлүктөрү жана ошондой эле, Кыргызстанда жана дүйнөлүк коомдо, анын ичинде Элчилик тарабынан улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөөгө арналган уюштурулуп жаткан иш-чаралар тууралуу баяндап берип, университеттин китепканасына украин тилине которулган Ч.Айтматовдун китептерин белек катары тартуулаган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK